Азирети Муфтий Таласта курула турган Борбордук мечит үчүн дуба кылды

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Талас облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Таластагы Борбордук мечитти зыярат кылды. Ал зыяратынын алкагында жакын арада курулушу баштала турган Борбордук мечиттин ордун жеринен көрүп, куттуу жайдын курулушу ак жолтой болсун деп дубасын берди.

Жолугушууга жергиликтүү демөөрчү да катышып, өзүнүн пландары менен бөлүштү.

«Ыйык Куранда мечит куруучулар алкоого алынган. Пайгамбарыбыз болсо кургуйдун уясындай болсо дагы мечит кургандарга бейиште сарай куруларын сүйүнчүлөгөн. Дал ушул сүйүнүчкө аракет кылып, Ринат бир тууганыбыз мечит курууга белсенип турасыз. Алла Таала ишиңизге береке берип, бейиш сарайлары менен сыйласын», – деди Азирети Муфтий.

Айта кетсек, Азирети Муфтийдин «Улут наркы – эл баркы» аттуу агартуу кербени башталып, анын алкагында КМДБ жетекчиси 7 дубан, 2 шаар тургундары менен жолугушууларды өткөрүп, ислам баалуулуктары жана улуттук дөөлөттөр, ханафилик-матуридилик, ынтымак-ырашкерлик, биримдик, аша чабуунун кесепеттери ж.б. боюнча баяндама жасамакчы.