Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарындагы Борбордук мечиттин курулушу менен таанышты.
КМДБ жетекчиси мечит куруунун сообу өтө зор экенин, анткени адеп-ахлактык цивилизация ааламга мечиттер аркылуу тараганын айтып, «Алланын үйүн» курдуруп жаткан демөөрчүлөргө дуба кылды.
Айта кетсек, ички сыйымдуулугу 10 миң, короосу менен 15 миң кишилик мечиттин курулушу ата мекендик «Эл тилеги» фондунун каржылоосу менен жүрүп жатат.