Агартуу кербени: Ошто Муфтияттын «Улут наркы – эл баркы» аттуу иш-чарасы өткөрүлдү

Бүгүн, 14-ноябрь күнү Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында КМДБнын «Улут наркы – эл баркы» аттуу иш-чарасы өткөрүлдү.
Улуттук нарк-насилди даңазалоо багытында өткөрүлгөн саамалыкта Азирети Муфтий диний дөөлөттөр менен улуттук баалуулуктардын маанилүүлүн баса белгилеп, биримдик жана ынтымак боюнча баяндама жасады.
Театралдашкан сахналык көрүнүштөр менен коштолгон көчмө иш-чарасы эртең, 15-ноябрь күнү Баткенде өтүлүшү күтүлүүдө.