Бүгүн, 15-ноябрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров баштаган аалымдардан турган диний агартуу кербени Баткенде эл менен жолугушуу өткөрдү. Улуттук нарк-насилди даңазалоого багытталган «Улут наркы – эл баркы» аттуу иш-чарада биримдик, ынтымак жана салттуу ислам тууралуу баяндамалар жасалып, «Момундар – бир тууган» аттуу видео ролик көрсөтүлдү.
«Элге диний кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу максатында Муфтиятта фатва бөлүмүнүн алдында call-борбор ачкан элек. Мында аалымдарыбыз жарандардын түз чалууларын кабыл алып, диний багыттагы суроолоруна жооп берет. Борборубуз ар жума сайын жыйынтык чыгарып, мониторинг жүргүзөт. Ошондой эле фатва бөлүмүнө кайрылгандар боюнча мониторинг жүргүзүлөт. Тилекке каршы, көпчүлүгү үй-бүлө маселелери менен келишет. Азыркы тапта коомдогу үй-бүлө коломтосун сактап калуу үчүн жапа тырмак аракет кылалы. Үй-бүлөлөрдү сактап калуу үчүн динибиздин жана салтыбыздын баалуулуктарына кайрылышыбыз керек. Илгери ата-бабалар үй-бүлө институтун асырап, коломтонун өчүшүнө жол берген эмес» – деди Азирети Муфтий өз баяндамасында.
Ал ошондой эле дин жана нарктын айкалышын; салам айтуу, улууга урмат, кичүүгө ызаат, адеп боюнча токтолуп, бир туугандыктын, биримдиктин, ынтымактын пазилеттерин айтты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировго Баткен районунун 90 жылдыгына карата КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн атайын сыйлыгы тапшырылса, диний башкармалык менен тыгыз кызматташып келгени үчүн Президенттин аймактагы өкүлүнө КМДБ Ардак баракчасы берилди. Ошондой эле облус
аймактагы дин кызматкерлерине Өкүлчүлүктүн жана Муфтияттын Алкыш баракчалары жана Ыраазычылык каттары тапшырылды.
Исламдын улуу баалуулуктары, көркөм принциптери чагылдырылган жана динди жамынган салттуу эмес экстремисттик багыттардын жүзүн ашкерелеген сахналык көрүнүштөр коюлган жолугууда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ДИМКнын аймактык өкүлү, облус казысы сөз сүйлөп, эл биримдиги, журт бүтүндүгү үчүн дуба кылынды.
Айта кетсек, КМДБнын «Улут наркы – эл баркы» аттуу агартуу кербени башталып, жер-жерлерде жолугушуулар өтүүдө. Диний агартуу кербендин алкагында КМДБ жетекчиси 7 дубан, 2 шаар тургундары менен жүздөшүп, ислам баалуулуктары жана улуттук дөөлөттөр, ханафилик-матуридилик, ынтымак-ырашкерлик, биримдиктин пазилеттерин айтып, бөлүнүп-жарылуунун, ысырапкорчулуктун жана аша чабуунун кесепеттери боюнча баяндама жасоодо.
и ещё 61
Смотреть статистику
Продвигать публикацию
Все реакции:
Вы и ещё 31