Азирети Муфтий Баткен облустук казыятынын ишмердиги менен таанышты

“Улут наркы – эл баркы” аттуу агартуу кербенинин алкагында Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Баткен облустук казыятын зыярат кылып, андагы дин кызматкерлери менен жолугушуп, аткарылып жаткан иштер менен таанышты.

Азирети Муфтий элдин руханий жактан агартууда дин кызматкерлеринин салымы зор экендигин айтып, матуриди акыйдасы жана ханафи мазхабын бекемдөө, элдин, айрыкча жаштардын адебин бекемдөө иш-аракеттерин жүргүзүү зарылдыгын, о.э. ислам дининин асыл баалуулуктарын жеткирүү менен жаштарды ар кандай азгырыктардан оолак кылууга болорун айтты.

Дин кызматкерлери менен жолугушууга Азирети Муфтийдин орун басары Мухаммад ажы Аноркулов жана КМДБнын бөлүм башчылары Жоробай ажы Шергазиев менен Максат ажы Атабаев катышты.