Астраханда эл аралык «Салттуу ислам: концепция, мүмкүнчүлүк жана чакыруу» аталышында илимий конференция өткөрүлдү

РФнын Астрахан облусунда эл аралык «Салттуу ислам: концепция, мүмкүнчүлүк жана чакыруу» аталышында илимий конференция болуп өттү. Орусия, Казакстан, Өзбекстан өлкөлөрүнүн дин башкармалыгынын өкүлдөрү чакырылган иш-чарага КМДБнын атынан Чүй облусунун мусулмандарынын казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков катышты.
Жыйын Орусиянын Борбордук мусулмандарынын дин башкармалыгы (БМДБ) жана Астрахан облусунун аймактык мусулмандарынын диний башкармалыгы, ошондой эле Астрахан облусунун администрациясынын, губернаторунун демилгеси, колдоосу менен уюштурулду.
«Ыйык Куранда Аллах Таала «Оо, адам баласы! Биз силерди эркек менен аял, улут менен уруу кылып жараттык, бири бириңерди тааныш үчүн» деп буюрган. Бул аятта бүгүнкү диалогдун маанилүүлүгүн жана улуттар арасында сый-урматты белгилеп жатат. Биздин максат – арабызда түшүнүү жана бирге иш алып барууну күчөтүү. Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.) «Силердин араңарда эң жакшыңар, башкаларга эң көп пайда келтиргениңер», ошондой эле, «Өзүңө каалаган жакшылыкты башка бир мусулманга кааламайынча, толук мусулман боло албайсыңар» деп айткан. Адыктан бири-бирибизге жакшылык, тынчтык, мээримдүүлүк кылууга үндөйлү», – деди өз сөзүндө Чүй облусунун мусулмандарынын казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков.
Конференциянын жыйынтыгында Орусия, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстандан келген дин башкармалыктардын өкүлдөрү биргелешкен концепция кабыл алынды.