Бүгүн, 18-ноябрь күнү борбор калаадагы Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрында Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын «Улут наркы – эл баркы» аттуу автордук иш-чарасы өткөрүлдү.
Иш-чарага КР ДИМК директору Азамат Юсупов, Бишкек шаардык мээриясынан жана Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн жетекчилер, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров баштаган КМДБнын эмгек жамааты, Бишкек шаары жана Чүй облусундагы дин кызматкерлери жана шаар тургундары катышты.
Иш-чарада ынтымакка үндөгөн видео ролик коюлуп, улуттук нарк жана ислам баалуулуктары даңазаланган, о.э. экстремизмди кесепеттери ашкереленген театралдашкан сахналык көрүнүштөр тартууланды.
«Ата-бабаларыбыз кеменгер болгондуктан, ислам наркы менен улуттук дөөлөттөрдү айкалыштырып, тең салмактуу жана гармониялуу жашоо образын түзгөн. Биз аталар жолун жолдомоюн, кыйнала беребиз. Бүгүнкү чыгып жаткан көйгөйлөр ошол пайгамбар жолунан чыгып кеткендиктен жана аталар наркынан баш тарткандан болууда. Азыр динди жамынган агрессивдүү топтор кандай жаңылыш болсо, салт-санааны жамынып алып элди бөлүп-жаруу, ысырапкорчулукка жол салуу натуура аракет. Андыктан дин менен салтты бекем карманып жашоо учур маселеси», – деди Азирети Муфтий өз баяндамасында.
Ал эми КР ДИМКнын директору диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат тууралуу учкай токтолуп, КМДБ тарабынан аткарылып жаткан салттуу ислам жана улуттук наркты пропаганда кылуу иштери колдоого арзый турганын баса белгиледи.
Айта кетсек, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи тарабынан КМБДны өнүктүрүүгө багытталган 40 кадамдан турган стратегиялык иш-мерчеми бекитилип, анын алкагында диний агартуу кербени уюштурулууда. Агартуу кербендин максаты биримдикке жана ынтымакка чакыруу, экстремизмдин жана ысырапкорчулуктун кесепеттерин ашкерелөө, салттуу ислам болгон матуридилик жана ханафиликти күчтөндүрүү болуп саналат. Муфтияттын автордук иш-чарасы буга чейин Талас, Ош, Баткен облустарында жана Ош шаарында жогорку деңгээлде уюштурулган.