Бүгүн, 20-ноябрь күнү «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинде ажы башчылыкка талапкерлер шарият талаптары, өзгөчө ажылыктын жол-жобосу, шарттары жана эрежелери боюнча тест тапшырышууда. Тесттик сынактын алкагында ар бир талапкерге 50 дөн суроо берилүүдө.
«Быйыл ажы башчылыкка 361 талапкер ат салышууда. Сынак салтка айлангандай, «Кыргызтест» мекемесинде өтүп жатат. Компьютер тарабынан ар бир талапкерге бири-бирине окшобогон, кайталанбаган суроолор берилет. Бул бардык талапкерге бирдей шарт түзүү, сынакты ачык-айкын өткөрүү максатында болуп жатат. Сынакты адилеттүү өткөрүү өз кезегинде Азирети Муфтийдин да талабы», – деп билдирди 2025-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын жетекчиси Жолдошбек ажы Абдылдаев.
Штаб башчынын айтымында, быйылкы конкурска аудио формат критерийи дагы кошулду. Ага ылайык, талапкерлер берилген суроого үн жаздыруу аркылуу жооп беришет жана ошого ылайык балл алышат.
Белгилей кетсек, бүгүнкү сынактын биринчи этабында босого баллдан жогору балл алгандар эртең, 21-ноябрь күнү аңгемелешүү этабына чакырылат.