Бүгүн, 19-ноябрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Ысык-Көл облусуна жасаган иш сапарынын алкагында КР Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев менен жолугушту. Жолугушууда тараптар Ысык-Көл жергесинде диний тармакта жүргүзүлүп жаткан алгылыктуу иштер, облустагы диний абал жана диний объектилер боюнча талкуулашты. Ошондой эле ысырапкорчулуктун кесепеттери, кыргыз элинин каада-салт, үрп-адаттары, көөнөрбөс нарк-насилдери жана салттуу ислам дүйнө таанымы боюнча пикир алышты.
Жолугушууда Азирети Муфтий Уланбек Далиевдин иштерине ийгиликтерди каалап, КМДБнын агартуу жаатындагы аткарып жаткан иштери боюнча кыскача маалымат берип өтсө, Президенттин өкүлү Журт башчынын тиешелүү жарлыктарын аткаруу алкагында Дин башкармалыгы менен тыгыз кызматташып келгенине токтолуп, мындан ары да жакындан иш алып барууга кызыктар экендигин билдирди.
Азирети Муфтий Президенттин аймактагы өкүлүнө тыгыз кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирип, КМДБнын Ардак баракчасын тапшырды.
Айта кетсек, Азирети Муфтийдин «Улут наркы – эл баркы» аттуу агартуу кербени өлкөнүн 7 дубанында өтүп жатат. Диний агартуу кербендин алкагында КМДБ жетекчиси жер-жерлерде эл менен жолугушууларды өткөрүп, ислам баалуулуктары жана улуттук дөөлөттөр, ханафилик-матуридилик, ынтымак-ырашкерлик, биримдик, аша чабуунун кесепеттери боюнча баяндама жасап келет.