Чүй облусунун Панфилов районунун мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында аким Бекмаат Масаидов, орун басары Айдана Иманалиева, райондун имам-хатиби Жумабек Дуванаев, УКМКнын, архитектуранын, мамлекеттик каттоонун, ардегерлердин өкүлдөрү, имамдар, аймактык активисттердин катышуусунда КР Президентинин №54 ысырапкерчиликтин алдын алуу, №296 маркумду акыркы сапарга узатуу, эстеликтерди коюу жана бир тартипке келтирүү Жарлыктары боюнча жыйын өттү.
«Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.) өз жашоосунда жана насаатында ысырапкерчиликтен тыйган. Анткени Аллах Таала Куран аяттарында ысырапкерлерди сүйбөстүгүн, Анын ыраазычылыгы чын ыкластан жетимдерди өз кепилдигине алып, жакшылык кылгандарда экендигин кабарлаган. Адам баласы жашоодо керектөөдөн тышкары ашыкча чыгым коротуу менен Аллах Тааланын нараазычылыгына калбай, үнөмдүү колдонуу менен Анын берекесине ээ боло алат. Элибизди бул абалдан алып чыгууда мамлекет башчыбыздын Жарлыгы, имамдардын жума намазда айтылган баяндары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн түшүндүрүү иштери абдан маанилүү. Андыктан жалпыбыз бирдиктүү, ынтымактуу иш алып баралы», – деди өз сөзүндө райондун баш имам-хатиби Жумабек Дуванаев.
«Жогорудагы Жарлыктарды ишке ашырууда ар бириңиздердин ордуңуздар чоң. Аймактагы жергиликтүү калкка дин кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жер-жерлерде уланта бериңиздер. Тапшырманы жогорку деңгээлде аткарууда жана мечиттерди каттоодо толук колдоо көрсөтүүгө даярбыз», – деп белгиледи аким Бекмаат Масаидов.
Жыйындын аягында жалпы катышуучулар жогорку маселелер боюнча өз пикирлерин билдирип, ишке ашыруу жолдорун талкуулап, аким тарабынан бир катар тапшырмалар берилди.