Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Нарын облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Нарын облустук казыятын зыярат кылып, мекеменин ишмердүүлүгү менен таанышты.
«Сиздер Нарын казыяты катары 6 ай кыш болгон табияты катаал Теңир-Тоодо журтубузга ак кызмат кылып келесиздер. Сиздердин ишиңиздерди ар убак жогору баалап, колдоо көрсөтүүгө даярбыз. Мындан ары да талбастан иштей бериңиздер», – деди Азирети Муфтий зыяратынын жүрүшүндө.
Нарын облусунун мусулмандарынын казысы Эрик ажы Молдокулов КМДБ жетекчисине казыяттын ишмердүүлүгү боюнча маалымат берип, аймактык мекеменин кызматкерлерин тааныштырды.
Айта кeтсек, Азирети Муфтийдин «Улут наркы – эл баркы» аттуу агартуу кербени өлкөнүн 7 дубанында өтүп, жыйынтыкталуу алдында турат. Диний агартуу кербендин алкагында КМДБ жетекчиси жер-жерлерде эл менен жолугушууларды өткөрүп, ислам баалуулуктары жана улуттук дөөлөттөр, ханафилик-матуридилик, ынтымак-ырашкерлик, биримдик, аша чабуунун кесепеттери боюнча баяндама жасоодо.