Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров баштаган диний аалымдардын агартуу кербени Нарын облусуна барып, М. Рыскулов атындагы музыкалык драма театрында жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрүлдү.
«Улут наркы – эл баркы» аттуу жолугушууда ынтымакка үндөгөн видео ролик жана экстремизмди айыптаган, о.э. ислам баалуулуктарын, даңазалаган спекталдер коюлуп, улуттук нарк жана салттуу ислам боюнча лекциялар окулду.
Иш-чаранын жүрүшүндө Азирети Муфтий ислам негиздери, Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.) доорунан келе жаткан салттуу ислам жолунун абзелдиги, динде улут жана нарк маселеси боюнча кеңири лекция жасады.
Жолугушуунун жыйынтыктоо бөлүгүндө ислам динине көп жылдардан бери кызмат кылып келе жаткан элет имамдарына КМДБнын Ардак баракчасы жана Ыраазычылык каттары тапшырылды.
Айта кетсек, Азирети Муфтийдин КМДБны өнүктүрүүгө багытталган 40 кадамдан турган стратегиялык иш планынын алкагында 7 дубан, 2 калаада диний агартуу кербени уюштурулуп, салттуу ислам негиздери жана улуттук нарк-насил боюнча пайдалуу маалыматтар берилди.