Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Россия Федерациясынын үч облусунун муфтийин кабыл алды. Достук зыяратынын алкагында Россиянын Азия бөлүгүнүн муфтийи Нафиулла хазрат Аширов, Омск облусунун муфтийи Бота хазрат Бакули жана Мордовия Республикасынын муфтийи Раиль хазрат Асаинов менен жылуу маанайда жолугушуу өттү.
Жолугушууда тараптар Кыргызстан мусулмандары менен Россия мусулмандарынын ортосундагы руханий жана маданий байланыштарды чыңдоо, ислам дининин баалуулуктары жана маданий диалогду бекемдөө, ошондой эле коомдогу тынчтык менен туруктуулукту камсыздоо туурасында баарлашты.
Зыярат соңунда ардактуу коноктор атайын убакыт бөлүп кабыл алганы үчүн Азирети Муфтийге ыраазычылык билдирсе, Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров КМДБнын атынан конокторго атайын белектерин тартуулады.