Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун атынан Махачкалада өтүп жаткан «Сактоо жана өнүктүрүү боюнча эл аралык кызматташтыкты активдештирүү механизмдери, салттуу руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарды бекемдөө» боюнча Эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышууда.
Эл аралык илимий-практикалык конференциянын алкагында билим жана маданият аркылуу салттуу билимдерди калыптандыруунун контексти, эл аралык кызматташтык, салттуу билимдерди сактоо жана бекемдөө, руханий-адеп-ахлактык баалуулуктар темалары талкууланууда.
Дагестан Республикасынын диний башкармалыгы өткөрүп жаткан конференцияда Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев баяндама жасап, анда салттуу ислам дини мусулман коомчулугунда инсанга руханий жана моралдык жол көрсөтүүчү негизги түзүм болуп саналарын билдирди.
«Ислам дини, өзүнүн негизги баалуулуктары менен гана эмес, ошол эле учурда коомдун жашоосуна да терең таасир эткен каада-салт, үрп-адаттарды да камтыйт. Бул динде каада-салттар, адаттар жана диний ишенимдер бири-бири менен тыгыз байланышта болгондуктан, исламдын эволюциясында алардын ролу чоң», – деди Талас облусунун казысы.
Эл аралык илимий-практикалык конференцияга КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы-Экспертиза жана диний уюмдар менен кызматташуу бөлүмүнүн адиси Кыргызбаев Нургазы Теңдикбекович жана И. Арабаев атындагы КМУнун Теология факультетинин деканынын орун басары Ташболотов Азиз Жаныбаевич катышууда.