Бүгүн, 22-ноябрь күнү Бишкек шаарындагы башкы «Имам Сарахсий» мечитинде Муфтият тарабынан умрага жөнөтүлүп жаткан дин кызматкерлерине инструктаждык форматтагы жыйын болуп өттү. Иш-чарага Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров катышып, ыйык умра сапарына бара турган дин кызматкерлерине ак жол каалады.
«Оболу Алла Тааланын жардамы, андан соң демөөрчү бир туугандарыбыздын колдоосу менен биздин пайдабызга 60 умрага жолдомо чечилип калды. Умрага жолдомолорду Муфтияттагы ар бир бөлүмдөн бир адиске, казыяттардан бир кызматкерге, ар облустан бир баш имам-хатибге, ар бир диний окуу жайдан бир өкүлгө деп адилеттүү түрдө бөлүштүрүп, ыйык жайларга жөнөтүү алдында турабыз. Алла Таалам сиздерди чакырган экен, жакшы адамдардын себебинен ибадат сапарына бара жатасыздар. Куттуу жерлерге барганда эли-журтубуз, Мекенибиз, дегеле жалпы үммөт үчүн көп-көп дуба кылышыңыздарды суранабыз. Зыяратыңыздар кабыл болсун», – деди өз сөзүндө Азирети Муфтий.
Айта кетсек, Азирети Муфтийдин демилгеси менен умрага аттанып жаткан расмий дин кызматкерлери эртең, 23-ноябрь күнү Жидда шаарына учуп кетишмекчи.