Азирети Муфтий мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды кабыл алды

 

Бүгүн, 22-ноябрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Бишкек шаарындагы «Ыйман» мечитинде диний таалим алып жаткан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды кабыл алды.

«Ыйман» мечитинин имам-хатиби Ниматулла ажы Рыскулов мүмкүнчүлүгү чектелген замандаштарды Азирети Муфтийге тааныштырып жатып, буларды билдирди.

«Биздин мечитке көңүлдүү катары келип, диний таалим алып жүргөн өзгөчө жамаатыбыз бар. Кудай тааланын каалоосу менен сүйлөө мүмкүнчүлүгү берилбеген бир туугандарыбыз мечитке келип, диний жактан сабатын ачуу өтүнүчү менен кайрылгандыктан, артка кайтара албадык. Ошентип 2 жылдан ашуун убакыттан бери биздин мечитте тынымсыз окуп жатышат. Алды 1 пара Куран жаттаса, арты исламдагы 40 парзды жаттап бүтүштү. Жакын арада кайрымдуу инсандардын демөөрчүлүгү менен көзү азиздер үчүн брайл системасындагы Куран китептерин алып келдик. Жамаатыбыз ушул өзгөчө бир туугандарыбызга дайыма жардам берип келишет», – деди ал.

«Алла Таала өзү сүйгөн пенделерине оор сыноо берет. Мына ушундай оор сыноого карабай, динимди үйрөнөм, Куранымды окуйм деген момун замандаштарымдан Жаратканым өзү ыраазы болсун. Биз муфтият катары коомубуздун аярлуу катмары болгон өзгөчө бир туугандарыбызга дайыма жылуу мамиле кылып, ар убак колдоп алууга даярбыз», – деди КМДБ жетекчиси.

Жолугушууда муфтият тарабынан мүмкүнчүлүгү чектелген замандаштар арасында Куран жарыш уюштуруу маселеси каралып, оң жагына чечилди.

«Ыйман» мечитинин өзгөчө жамааты Азирети Муфтий менен жолугушкан соң диний башкармалык менен таанышты.

Айта кетсек, Азирети Муфтийдин өлкөдөгү диний маданиятты көтөрүүгө багытталган 40 кадамдан турган стратегиялык иш планында мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн атайын диний окуу жай уюштуруу маселеси эске алынып, бул жаатта тийиштүү аракеттер көрүлмөкчү.