Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Биримдик айыл аймагынын Кызыл-Сай айылында жергиликтүү демөөрчүлөр тарабынан курулган эки кабаттуу заманбап мечиттин ачылыш аземи болуп өттү.
Ачылыш аземине Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев, Бакай-Ата райондук администрациясынын башчысы Алгынбай Имаров, казыят кызматкерлери, имамдар, демөөрчүлөр жана айыл тургундары катышты.
«Мечит – бул Аллах Тааланын жер бетиндеги үйлөрү. Ким мечит курса, ага бейиште бир каср курулат. Мурда мечит-медреселерди араб же башка мусулман бир туугандарыбыз куруп келсе, азыр өзүбүздүн эле мусулман бир туугандарыбыз куруп жатышат. Бул дегени элибиздин динге болгон көз карашы өскөнүнөн кабар берет. Мечитти куруу эки жол менен болот. Биринчиси мына минтип пайдубалын куруп, кышын коюп, чатырын жаап,кооздоп көркүнө чыгаруу. Экинчиси, ушул курулган мечиттин ичин ибадат менен кооздоо болот. Мечит курулуп бирок эч ким келбесе, ал дагы жакшы эмес. Азыр Кудайга шүгүр, облус аймагында 200 дөн ашык мечитибиз бар. Мурда аталарыбыз коңшу Казакстандын Жамбыл облусуна барып, жума намазын окуп келишет эле. Азыр мынакей, ар бир айылда 2-3 дөн мечитибиз бар. Ушул мечиттерибизди жакшы карап, кадырлап алалы», – деди облус казысы Сулумбек ажы Узеналиев.
Ачылышка катышкан Бакай-Ата райондук администрациясынын башчысы Алгынбай Имаров өз сөзүндө төмөнкүлөргө токтолду: «Урматтуу айыл тургундары жана коноктор! Бүгүнкү Кызыл-Сай айылында ачылып жаткан мечит куттуу болсун. Мечитти курган, ар тараптан колдоо көрсөткөн адамдарга ыраазычылык билдирем. Бул мечит айыл тургундарына руханий жан дүйнөнү байыта турган касиеттүү жер болмокчу. Азыркы күндө мамлекет тарап да дин жаатына жардам берүүнүн үстүндө иш алып барууда. Азыркы учурда даярдалып жаткан мыйзам долбоору да дин жаатында тартипти орнотууга багытталган. Ошол эле учурда казыларга жана райондун баш имам-хатибтерине колдоо көрсөтүлгөнү жатат», – деди.
Мечиттин ачылыш аземинин соңунда мечитти курууга демөөрчүлүк кылган Кызыл-Сай айылынын тургуну Бокуев Мелисбек Эргешовичке Талас облусунун мусулмандарынын казыятынын Ыраазычылык каты жана Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациянын Ардак баракчасы ыйгарылса, ал эми мечиттин курулушуна жакындан жардам көрсөткөн айыл тургуну Малисов Бактыбек Аманкуловичке Талас облусунун мусулмандарынын казыятынын Ыраазычылык каты тапшырылды.