Бүгүн, 25-ноябрь күнү Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров райондогу айыл өкмөттөрдүн жооптуу имамдары менен биргеликте райондогу мектеп окуучулары менен жолугушууларды өткөрүп баштады.
Жолугушууда төмөнкү темалар боюнча лекция өтүлдү:
— Экстремизм жана терроризмдин алдын алуу;
— Ата-энени урматтоо, мугалимдерди сыйлоо;
— Илим алуунун артыкчылыгы;
— Китеп окуунун пайдалары;
— Жалган айтуунун кесепеттери;
— Диний маалыматтарды расмий дин кызматкерлеринен сурап үйрөнүү.
«Казы дамланын тапшырмасы менен Ош облусу боюнча ар бир райондун баш имам-хатиби райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылары менен жолугушуп, мектептерде лекцияларды уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Ошонун катарында биз да райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы менен макулдашып, райондордо мектеп окуучуларына адеп-ахлак темалары боюнча лекцияларды уюштурууну баштадык. Алгач өзүм жана райондогу айыл өкмөттөрдүн жооптуу имамдары баштап бердик. Буйруса жума мечит имамдары жана беш убакыт окуучу мечит имамдары да жөндөмүнө жараша лекцияларды улантышат», – деди баш имам-хатиб Акжол ажы Бакиров.
Баш имам-хатибдин айтымында, Өзгөн районунда 12 айыл өкмөттүн жооптуу имамдары өз аймагындагы мектептерде бирден лекциялар уюштурушту.