Умра: Муфтият тарабынан жөнөтүлгөн 60 дин кызматкери Мединада зыярат кылышууда

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун демилгеси менен умрага жолдомо берилген 60 дин кызматкери учурда Сауд Араб Падышалыгынын Медина шаарында зыяраттарын өтөп жүрүшөт. Бул тууралуу КМДБнын маалымат бөлүмүнүн адиси Жанадил Абубакр уулу жеринен маалымдады.

«Алла Таала чакырган бактылуу инсандар учурда Мединада зыярат кылышууда. Баарынын маанайы абдан жакшы. Бул жакта баары эл-жер үчүн, өлкө үчүн, үммөт үчүн дуба кылышууда. Ошондой эле үй-бүлөлөрү, тууган-уруктары, ошондой эле бекер жолдомо ыйгарган Азирети Муфтий үчүн бата тилеп жатышат», – деп билдирди адис Медина шаарынан.

Масжид-и Набави, Разва-и Мутаххара, Ухуд тоосу сыяктуу ыйык жана тарыхый жайларды зыярат кылып жүргөн дин кызматкерлери Медина күндөрү аяктаган соң умра ибадатын орундатуу үчүн ыйык Мекке шаарына сапар тарышат.