Баткенде укук бузуулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иш-чарасы болуп өттү


Баткен мамлекеттик университетинде 2021-2026-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын аткаруу алкагында маалыматтык, түшүндүрүү-профилактикалык иш-чарасы болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Баткен ОИИБдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерлери, Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров, Кыргыз Республикасынын Дин иштер боюнча мамлекеттик комиссиясынын Баткен облусундагы өкүлү Чагылган Юсупов менен биргеликте шаар аймагындагы жаштар жана Баткен мамлекеттик университетинин студенттерине экстремизмдин алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу, акыркы учурда болуп жаткан окуялар, зордук-зомбулуктар коомдук жайлардагы кылмыштар боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер тарабынан суроолор берилип, адистер тарабынан жооптор берилди. Жыйынтыгында катышуучуларга укуктук маалыматтар жана туура нуктагы диний түшүнүктөр берилди.