Талас шаарынын Жаштык конушунда жаңы Ислам борбору ачылды

Кечээ, 26-ноябрда Талас шаарынын Жаштык конушунда жаңы Ислам борбору ачылып, пайдаланууга берилди. Борбордо эки кабаттуу мечит жана медресе, имам үчүн үй, дүкөн, ФАП жайгашты.

Салтанаттуу аземге КР ЖКнын депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, дин кызматкерлери, жергиликтүү тургундар жана демөөрчүлөр катышты.

Ачылышта Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын жетекчиси Мухаммад Мади сөз сүйлөп, жергиликтүү элди заманбап борборудун ачылышы менен куттуктады.

Эскерте кетсек, борбордун курулуш иши 2023-жылдын жай айларында башталган.