Ош шаары: «Рабат Абдуллахан» мечитинин айланасына 3 млн. сомдук асфальт төшөлдү

Ош шаарындагы «Рабат Абдуллахан» мечитинин айланасына 3 000 000 сомдук асфальт төшөлүп, унаа коюу үчүн атайын чиймелер даярдалууда.

Курулуш иштерине Ош шаардык мусулмандарынын казысынын орун басары Каныбек ажы Жусупов, үгүт-насаат жана мечиттер боюнча адиси Жанарбек ажы Матиев жеринде таанышып, кол кабыш кылышты.

«Буга чейин мечитке келүүчү көпүрөнү толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрдүк. Эми  болсо жергиликтүү демөөрчүлөрдүн жардамы менен мынтип асфальт төшөлүп олтурат. Бул иштер Ош шаарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушевдин тапшырмасына ылайык аткарылууда», – деди Каныбек ажы Жусупов.