Ош шаардык мусулмандарынын казысынын орун басары Каныбек ажы Жусупов Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатын зыярат кылып, кызматкерлерди руханий шыктандырууга үгүттөдү.
Иш-чарага Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатын жетекчинин орун басары Доранбек Турдубеков жана эмгек жамааты катышты.
«Ысык-суукка карабай, кышты кыш дебей, жазды жаз дебей шаарыбызды тазалап, күн-түн дебестен эмгектенип шаарыбыздын көркүнө көрк кошуп келесиздер. Араңыздарда 49 жылдан бери эмгектенип келген кызматкерлер бар экен. Жаратылышка аяр мамиле кылуу биздин милдетибиз жана ибадатыбыз. Кудай таалам акыретте бул кызматыңыздарды сыйлыксыз калтырбайт деп ишенебиз», – деди Каныбек ажы Жусупов.