Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиевдин тапшырмасы менен Кара-Кулжа районунун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев баштаган райондогу дин кызматкерлери мектеп окуучулары менен жолугушууларды өткөрүп, адеп-ахлак темаларында лекция өтүштү.
Баш имам-хатиб Дастан ажы Мамаев, орун басары Тимурлан Аскаров жана райондогу имамдар Кара-Кулжа РИИБдин кызматкерлери менен биргеликте райондогу төмөнкү мектептерде лекцияларды өтүшү:
- Арыкбай Осмонов атындагы орто мектеби;
- Сайдрахман Кайназаров атындагы орто мектеби;
- Омош Абдылдаев атындагы орто мектеби;
- Козу Омокеев атындагы орто мектеби;
- Бөжөк Бегиев атындагы орто мектеби;
- Нурмамат уулу Сабыкул атындагы орто мектеби;
- Токтогул орто мектеби;
- С.У.Алмаз атындагы орто мектеби;
- А.Юсупов атындагы орто мектеби;
- И. Орозалиев атындагы орто мектеби;
- Ж. Абдинов атындагы орто мектеби.
«Жаштарыбыз менен жолугушууларды өткөрүп, адеп-ахлак темаларынын алкагында баяндамаларды жасоо менен аларды илим алууга да шыктандырып өттүк. Албетте билимдүү жаштар өлкөнүн өнүгүшүнө зор салым кошот деп ишенебиз. Өзгөчө илим алууда убакытты туура пайдалануу, кайдыгерлик жана жалкоолук сыяктуу жаман сапаттардан оолак болууга чакырдык», – деди баш имам-хатиб Дастан ажы Мамаев.
Ошондой эле экстремизм жана терроризмдин алдын алуу, зордук-зомбулукка каршы күрөшү темаларын да кошумчалап өткөндүгүн билдирди.