Кечээ, 27-ноябрда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун тапшырмасы менен Баткен облустук мусулмандарынын казыяты тарабынан Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы жана Кадамжай районундагы диний окуу жайлардын мугалимдери жана студенттерине өлкөдөгү диний абал, диний мыйзамдар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Диний кырдаалды изилдөө борборунун директорунун орун басары Кубанычбек Абакиров жана ДИМКнын Баткен облусундагы өкүлү Чагылган Юсупов, Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров жана имамдар катышты.
Кубанычбек Абакиров ДИМКнын алдындагы Диний кырдаалды изилдөө борбору тарабынан 2024-жылы “Кыргызстандагы иш жүргүзгөн медреселердин билим берүүсүндөгү бирдей стандарттуулук көйгөйү” аталышындагы тема боюнча жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыктары менен тааныштырды.
Ал эми Чагылган Юсупов Кыргызстандагы диний мыйзамдар, диний чөйрөдөгү мамлекеттик концепциясы боюнча маалымат берип, анын ишке ашырылышы жана мааниси тууралуу сөз кылды.
Ошондой эле Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров салттуу ислам түшүнүгү жана аны жайылтуунун маанилүүлүгүн айтты.
Иш-чара 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын негизинде өткөрүлүп, диний билим берүүнү жакшыртууга багытталган бир катар сунуштар кабыл алынды.