Баткен облусундагы медреселерде экстремизмдин алдын алуу боюнча окуу семинарлары уюштурулууда

Баткен облусундагы медреселерде Азирети Муфтийдин буйругуна ылайык экстремизм жана терроризмди алдын алуу боюнча окуу семинарлары уюштурулуп жатат.

Үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрынан 2-декабрына чейинки аралыкта Баткен облусундагы диний окуу жайларда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун буйругуна ылайык, медресе студенттерине экстремизм жана терроризмди алдын алуу боюнча окуу семинары атайын түзүлгөн графигдин негизинде өткөрүлүүдө.

Бул иш-чаралардын негизги максаты – жаштардын радикалдык жана экстремисттик идеологияларга каршы туруусу, алардын аң-сезимин кеңейтүү жана ислам дининин чыныгы баалуулуктарын түшүндүрүү болуп саналат.

Иш-чара Баткен обусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров,казынын орун басары Муса ажы Жолдошов, шаар-райондордун баш имам-хатибдеринин катышуусунда Баткен ОИИБдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерлери жана ДИМКнын Баткен облусундагы өкүлү менен биргеликте өтүп жатат.

Окуу семинарынын жүрүшүндө казыят кызматкерлери жана укук коргоо кызматкерлери экстремизм жана терроризмдин кесепеттери, алардын коомго тийгизген терс таасирлери тууралуу түшүндүрмөлөр айтылууда. Мындан тышкары, диний баалуулуктарды туура түшүнүү, ислам дининде радикализмге жана экстремизмге орун жок экендиги, тынчтыкты жана өз ара сыйлаган мамилелерди орнотуу маанилүүлүгү боюнча сөз болууда.

“Бул иш-чаралардын мааниси чоң. Анткени, айрыкча жаштар арасында туура түшүнүктөрдү орнотуу, алардын радикалдуу идеологияларга каршы туруу жөндөмдүүлүгүн арттыруу өлкөдөгү тынчтыкты жана коопсуздукту сактоодо чоң роль ойнойт. Жалпы жонунан, Азирети Муфтийдин тапшырмасы боюнча мындай иш-чаралар облус боюнча дагы уланат”, – деди Нуридин ажы Мамасабиров.