Ош шаарындагы «Абдырахман бин Ауф» медресесинде баңги заттардын зыяндуулугу, радикализм, экстремизм жана терроризмди алдын алуу максатында тегерек үстөл болуп өттү.
Иш-чарага Ош шаарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов, УКМКнын Оштогу өкүлү Эрлан Мирзаев, ДИМК ТАБ кызматкери Азамат Таиров жана калаадагы ДОЖ мугалимдери катышты.
Тегерек үстөлдө Ош шаарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов баңги заттарды сатуунун, колдонуунун жана жайылтуунунун кесепеттери, диний окуу жайлардагы улутчулдук жана кастыкты болтурбоо менен тартипти орнотуу зарыл экенин баса белгиледи. Ошондой эле КМДБ жетекчисинин тапшырмасына ылайык, ДОЖ окутуучуларына «Радикализм, экстремизм жана терроризмдин алдын алуу» боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
«Учурда окуучулар жана студенттер арасында баңги заттык каражаттар кенен жайылган. Алсак, электрондук тамеки, жыттоочу клей жана баңги заттар аралашкан таблеткаларды зыяндуулугуна карабай колдонуп жатышат. Диний окуу жайларда мындай көрүнүштөр жокко эсе. Ошентсе да эскерте берели», – деди шаар мусулмандарынын казысы.
Белгилей кетсек, бул иш-чара Азирети муфтий Абдулазиз кары Закировдун «Радикализм, экстремизм жана терроризмдин алдын алуу» жөнүндөгү буйругуна ылайык аткарылды.