Бүгүн, 1-декабрь күнү КМДБнын конференция залында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасында республикалык Куран жарышы өткөрүлдү. Аялдар жана эркектер үчүн өзүнчө уюштурулган сынакта жалпы 20 конкурсант (9 эркек, 11 аял) күч сынашты. Сынакта Куран окуу менен биргеликте төмөнкү критерийлер да каралды:
1) Дин негиздери боюнча тесттик сынак;
2) Исламдагы 40 парз;
3) Каллиграфия (хусну хатт);
4) Курандын 30-парасынан окуу.
«Чындыгында Жараткан сиздерди кайсы бир жакшылыгын бербей сыноо кылып жатат. Сиздер ал сыноодон сабыр жана такыбалык менен өтүүгө аракет кылып жатасыздар. Бул аркылуу алты саны аман замандаштарга мыкты өрнөк болуудасыздар. Алла Таалам сиздерден ыраазы болуп, динди үйрөнүү жолундагы мээнетиңиздерди кабыл кылган болсун», – деди Азирети Муфтийдин орун басары Мухаммад ажы Аноркулов.
Саамалыкка белгилүү себептерден улам катыша албай калган Азирети Муфтийдин саламын жеткирген конкурстун модератору, КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы Жоробай ажы Шергазиев буларга токтолду:
«Жетекчибиз Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закировдун ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген бир туугандарыбызга кам көрүү, алардын диний сабаттуулугун арттыруу, керек болсо алар үчүн атайын окуу жай уюштуруу жаатындагы пландары бар. Бул жолу сүйлөө мүмкүнчүлүгү чектелген бир туугандарыбыз үчүн Куран конкурсун уюштуруп жатабыз. Уюштуруу иштерине жакындан көмөк көрсөткөндүгү, ошондой эле буга чейин да азиз бир туугандарыбызга далай кызмат кылгандыгы үчүн «Ыйман» мечитинин жамаатына жана имам-хатиби Ниматулла ажы Рыскуловго Муфтияттын атынан терең ыраазычылык билдиребиз».
Калыстар тобунун чечимине ылайык, жыйынтык төмөнкүдөй чыгарылды.
Аялдар арасында:
1-орун – Тилешова Замира, диплом жана умрага жолдомо;
2-орун – Саттарова Шахноза, диплом жана умрага жолдомо;
3-орун – Искендер кызы Наргиза, диплом жана акчалай сыйлык.
Эркектер арасында:
1-орун – Шайырбек уулу Бекзат, диплом жана умрага жолдомо;
2-орун – Мамытов Мыктарбек, диплом жана умрага жолдомо, ал эми
3-орун ээси Молдокулов Анарбекке диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелгендердин устаздары Кашкаралиев Талгат жана Календерова Аселге да умрага сертификат тапшырылса, конкурсанттар арасында атайын сыйлык менен жашы эң улуу катышуучу Джаманкулов Нуркалыйга«Жазира» фирмасы тарабынан умрага жолдомо белек кылынды.
Мындан сырткары ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын диний сабатын ачууга көмөк көрсөтүп, бул багытта үзгүлтүксүз кызмат кылып келе жаткан «Ыйман» жума мечитинин жамаатына жана меценат Асанбек ажы Тороевге Муфтияттын Алкыш баракчасы берилди.
Иш-чаранын жүрүшүндө белгилүү каллиграф Саифуддин Кожомуратов азиз замандаштарга көңүл буруп, бул багыттагы алгылыктуу иштерди жүргүзүп жаткандыгы үчүн Муфтиятка өзүнүн кооз каллиграфиялык картинасын тартуулады.
Айта кетсек, иш-чара соңунда жалпы конкурсанттар үчүн КМДБ жетекчилигинин сый тамагы уюштурулду.