Самидин кары Атабаев Каракол шаарында аялзатына багытталган семинарларын баштады

Ысык-Көл облусунун казысы Самидин кары Атабаев Каракол шаарында аялдар үчүн жаңы сабактарды баштады. Сабактар ишеним негиздери, шарияттын өкүмдөрү жана экстремизм, терроризмдин алдын алуу темаларына багытталууда.

Алгачкы сабак Жараткан Алла Тааланын сөзү Куран окуу менен башталып, окутуулар берекелүү болушу тиленип, сообу өтүп кеткен ата-бабаларга багышталды. Самидин кары исламдын негизги үч бөлүгү болгон «Ислам, Иман жана Ихсан» боюнча терең түшүндүрмө берип, бул багыттагы негизги эрежелерди жана адеп-ахлактык баалуулуктарды баяндады.

Облус казысы өз сабагында аялдардын коомдогу ордуна басым жасап, алардын туура тарбия алып, исламдын негиздерин түшүнүүсү коомдун тынчтыгына жана өнүгүшүнө чоң салым кошорун белгиледи.

Самидин карынын бул демилгеси шаар тургундары арасында колдоого ээ болуп, көптөгөн айымдар сабактарга активдүү катышууда. Бул сабактар мындан ары да коомдун руханий жактан өнүгүшүнө чоң салым кошору күтүлүүдө.

Казыяттан маалымдашынча, билим алууга жана коомдогу тынчтыкты сактоого багытталган бул сабактарга кызыккандар үчүн эшик ар дайым ачык болуп, айымдар өз суроолоруна жооп алып, дин боюнча тереңирээк түшүнүккө ээ болушат. Семинар ар жума сайын пландуу түрдө өткөрүлүп, аялзаты үчүн туруктуу билим берүү платформасына айланат.