Абибилла ажы Кадырбердиев: «Облус аймагындагы жалпы ДОЖдорду кыдырып, бир катар тапшырмаларды бердик»

Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев баштаган казыят кызматкерлери облус аймагындагы КМДБнын курамына кирген диний окуу жайларды кыдыруу иштерин жыйынтыктады. ДОЖдорду кыдыруу учурунда ар бир окуу жайда төмөнкү маселелер каралды:

Окуу жайдын имаратында түзүлгөн шарттарын жакшыртуу жана тазалыгына көңүл буруу;

– Окуу программасында көрсөтүлгөн диний адабияттардан башка уруксаты жок китептер медресесинин китепканасында болбошу;

– Тайпалык журналдарын эрежеге ылайык толтурулушун көзөмөлгө алуу;

–  Финансылык маселелер боюнча кириш-чыгыш чыгымдарына так болуу;

– Студенттердин жана мугалимдердин өздүк маалыматтарын толуктоо;

–  Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча окуу жайдагы көрнөк-жарнактар жана тиешелүү иш кагаздары кыргыз тилинде болуусу;

– Видео байкоочу камераларды орнотуу.

«Облус аймагындагы жалпы диний окуу жайларды кыдырып, бир катар тапшырмаларды бердик. ДОЖдорду кыдыруу иштерин ар жуманын шейшемби күнү өткөрүп, бир жарым ай дегенде жыйынтыкталды. Анткени облусубузда өлкө боюнча башка аймактарга салыштырмалуу эң көп мечит-медреселер жайгашкан. Кыдырууларыбыздын натыйжасында жогоруда көрсөтүлгөн талаптарды аткаруу тапшырмалары берилди. Албетте көпчүлүк окуу жайларда аталган шарттар түзүлгөндүгүн көрүп кубандык. Калган диний окуу жайлар да, кыска мөөнөттө тиешелүү шарттарды түзүүгө аракеттерди көрүп жатышат», – деп билдирди облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев.

Ошондой эле диний окуу жайлардагы мугалимдердин жана студенттердин билим деңгээли да каралып, ошого байланыштуу айрым окуу жайларда акыйда сабагы убактылуу токтотулду.

Ал эми ДОЖ студенттерине салттуу Ислам негизинде Ханафи мазхабы, Матуриди акыйдасын бекем кармануу, экстремизм жана терроризмдин алдын алуу, зордук-зомбулукка каршы күрөшү, диндеги аша чабууларга жол бербөө, мамлекеттик атрибуттарды сыйлоо жана Мекенди сүйүү деген темаларда баяндамалар жасалды.

Айта кетсек, Ош облусунда 40дан ашуун диний окуу жай, 1000 ден ашуун мечит ишмердүүлүк жүргүзүп келет.