Бүгүн, 2-декабрда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун №496 буйругун аткаруу алкагында, Лейлек районундагы диний окуу жайларда билим алып жаткан жаштар үчүн экстремизм жана терроризмдин кооптуулугун түшүндүрүү, ошондой эле аларды алдын алуу үчүн диндин ролун жана туура билим алуунун маанисин арттыруу максатында окуу семинары уюштурулду.
Семинарга Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров, анын орун басары Муса ажы Жолдошов, Лейлек районундагы диний окуу жайларда билим алып жаткан студенттер, жергиликтүү имамдар, ошондой эле мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, укук коргоо кызматкерлеринин катышуусунда өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар экстремизм жана терроризм түшүнүктөрү, алардын коомго тийгизген терс таасири жана бул илдеттердин алдын алуу үчүн кандай иш-аракеттерди көрүү керектиги тууралуу кеңири талкуулашты.
Ал эми дин адистери экстремизмдин жана терроризмдин негизги себептерин, алардын жеке адамдын жашоосуна жана жалпы коомго канчалык терс таасир этерин түшүндүрүштү. Алар терроризмдин ислам дини менен эч кандай байланышы жок экенин баса белгилешти. Ислам дини тынчтыкка, сүйүүгө жана адамдардын өз ара урматташтыгына негизделген, ал эми экстремизм жана терроризмдин идеологиясы бул баалуулуктарга каршы келерине токтолушту.
Ошондой эле жаштарды радикализациядан сактоо жана терроризмге каршы күрөшүү үчүн туура билим алуунун маанисин айтып беришти. Жаштарды туура жолго тартуу үчүн коомчулукка билим берүү жана динди терең түшүнүү өтө маанилүү экенин белгилешти.
«Бүгүнкү өтүп жаткан семинар өз убагында маанилүү жана өзгөчө мааниге ээ. Биздин максатыбыз – экстремизм жана терроризмдин кооптуулугун түшүндүрүү, ушул агымдарга каршы туруу жана жаштарга туура багыт берүү болуп саналат. Бул иш-чараны уюштурууда биз эң биринчи өз үмүтүбүздү ушул жаштарга, келечек муундарга арнадык, анткени алар эртеңки күнү биздин өлкөнүн, жерибиздин келечегин түзө турган жандар.Экстремизм жана терроризм – бул адамзатка каршы кылмыштуу аракеттер, алар ислам динине жана жалпы адамзаттык баалуулуктарга каршы келет. Ислам дини тынчтыкты, кең пейилдикти, адамдардын өз ара урматташтыгын жана сүйүүсүн талап кылат. Биздин динде терроризмдин орду жок, анткени ислам да, анын негиздери да тынчтыкка жана ынтымакка үндөйт”, – деди Нуридин ажы Мамасабиров.