Лейлекте жалпы байге фонду 1.5 млн. сомду түзгөн Куран жарышы болуп өттү

Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Кулунду айылында Мадалиев Мурзали палван жана Акматалиев Мурзакарим агайдын жаркын элесине арналган чоң масштабдагы Куран жарышы болуп өттү. Бул иш-чара Лейлек районунун Кулунду жамаат мечитинде уюштурулуп, Кыргызстандагы белгилүү каарылар, жергиликтүү тургундар жана имамдар катышты.

Куран окуунун маанисин жогорулатуу, жаштарды Куран жаттоого кызыктыруу жана адептүүлүккө тарбиялоо максатында уюштурулган Куран жарыш 30 пара, 10 пара жана көркөм окуу категориялары боюнча өткөрүлдү.

Иш-чаранын башында Лейлек районунун баш имам хатиби Кубатбек Абдыгапар уулу сөз алып, Мадалиев Мурзали палван жана Акматалиев Мурзакарим агайдын тууралуу айтып, жарышка катышкан жана демөөрчүлүк кылган инсандарга терең ыраазычылык билдирди. Ал Куран жарыштын Алланын берекеси жана рахматы менен болорун жана ошондой эле, Кыргыз жерине жана демөөрчүлөрдүн үй-бүлөлөрүнө Алланын ыраазычылыгы түшсүн деп тилегин билдирди.

Жарыштын жыйынтыгына ылайык, 30 пара категориясы боюнча:

1-орун: Темирбаев Мавлидин – 96 балл, умра сапары;

2-орун: Саттаров Иброхим – 90 балл, 1 тай;

3-орун: Маннапов Рахматилла – 88 балл, 1 портер көмүр.

 

10 пара категориясы боюнча:

1-орун: Анарбай уулу Бексултан – 94 балл, 1 портер көмүр;

2-орун: Миталипов Эрнис – 93 балл, 1 кой + 2000 сом;

3-орун: Гапаралиев Анас – 90 балл, 1 эчки + 2000 сом.

 

Кооз окуу категориясы боюнча:

1- орун: Равшанбек уулу Акжол, 1 тай;

2-орун: Абдурахманов Абдулло, 1 портер көмүр жана эчки;

3-орун: Сейитказиев Лукман, 1 кой утуп алды.

Жарышка катышкан жергиликтүү жаштар уюштуруучуларга алкыш айтышып, бул сыяктуу иш-чаралар алардын Куран жаттоо жолунда жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын жана руханий жактан өсүүсүнө жардам берерин белгилешти.