Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районуна Тунгатаров Бакытбек Ашимбаевичтин баш имам-хатиб болуп дайындалгандыгы боюнча жарыя кылынып, райондун жалпы имамдарына тааныштырылды.
Бакытбек Тунгатаров тууралуу маалымат:
Бакытбек Тунгатаров 1982-жылдын 2-августунда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Акман айылында туулган.
Улуту: кыргыз.
Тил билүүсү: Кыргыз тили, араб тили, орус тили.
Үй-бүлөлүк абалы: Үй-бүлөлүү, үч уул, эки кыздын атасы.
Билими: Жогорку.
Эмгек тажрыйбасы жана ишмердүүлүгү:
2008-2010-ж.ж. “Амир Хамза” ислам иниституту – Таш-Көмүр;
2010-2011-ж.ж. “Имам Аль-Бухарий” ислам иниституту – Өзгөн району, Мырза-Аке;
2012-ж. “Аз-Захра” медресеси – Жалал-Абад;
2013-ж. “Исмаил Аль-Бухарий” жума мечити – Жалал-Абад;
2013-2018-ж.ж. Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыяты – фатва адиси;
2014-2017-ж.ж. “Достук” жума мечити – Жалал-Абад;
2017-ж. “Биби-Рабия” медресеси – Сузак;
2019-2020-ж.ж. Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары;
2021-2022-ж.ж. “Исар” кайрымдуулук фонду – Бишкек;
2023-ж. “Сулайман ажы” жума мечити – Жалал-Абад.
Сыйлыктары:
2004-ж. Мадина шаарында “Ислам вакфы” мекемеси тарабынан Ажылыкты уюштурууда өзгөчө катышкандыгы үчүн “Алкыш” баракчасы;
2011-ж. Өзгөндөгү Имам Аль-Бухарий ислам институту тарабынан “Жылдын мыкты мугалими” грамотасы;
2015-ж. Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан КР диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашырууда кошкон салым үчүн “Алкыш” баракчасы;
2016-ж. Жалал-Абад облустук мусулмандарынын казыяты тарабынан “Ардак” грамотасы;
2019-ж. КР Президент Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн Ардак грамотасы менен сыйланган.