Муфтияттын иш кагаздары жана диний билим берүү тармагы электрондоштурулат

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун тапшырмасына ылайык, КМДБнын иш кагаздары, мекемелер аралык кат алышуусу жана диний билим берүү тармагы толугу менен санариптештирилет. Бул жаатта тиешелүү иш-аракеттер көрүлүп, анын алкагында муфтияттын ички кат алышуу жараяндары «Infodocs» (СЭД) системасы аркылуу жүргүзүлүүдө.

Иш мерчемге ылайык, 2025-жылга чейин КМДБ түзүмүндөгү аймактык казыяттар да СЭД аркылуу иш алып бармакчы.

«Үстүбүздөгү кылымды ИТР жана маалыматтык доор дегендей эле, цифровизациялык доор деп атасак да болот. Анткени азыр бүт баары электрондошуп жатат. Кылымдын шартында биз, мусулмандар, артта калбай заман менен тең жарышып, керек болсо андан озушубуз керек. Баарыбызга маалым болгондой, жер жүзүндө ушундай бир караңгылык каптаганда, Алланын мээрими менен ислам дини жиберилип, адамзатка жарык чачкан. Ислам цивилизациясы инсанатка илим-билим, өнүгүү, айдыңдык берген. А бирок биз, Азирети Мухаммеддин (с.а.в.) үммөтү, бүгүн доор жетишкендигинин кайсы жериндебиз? Андыктан балким кооз сөздөрдү, армандуу «аттиңдерди», тарых менен мактанууну токтотуп, балким реалдуулукка тик карашыбыз керектир. Кайдыгерликтин, жалкоолуктун, тар стереотиптин туткунунан кутулуп, керек болсо ар бирибиз алга карай аракет кылышыбыз абзелдир. Ислам динин жеткирүүдө кылым жетишкендиктерин да пайдаланып, Куранга кызмат кылалы. Кийинки муунга да көркөм тарбия берип, замандын кыйынчылыктарына чөгөлөбөй турган мыкты уул-кыздарды тарбиялашыбыз шарт. Анткени исламда «Балдарыңарды келе жаткан заманга ылайык тарбиялагыла» деген сөз бар», – деп билдирди Азирети Муфтий санариптештирүү боюнча өткөрүлгөн жыйында.

Буга чейин КМДБ жетекчисинин демилгеси менен имамдардын өздүк маалыматтары жана мечиттердин документтери дээрлик толугу менен электрондоштурулуп, бирдиктүү базага киргизилген.

Айта кетсек, Азирети Муфтийдин өлкөдөгү диний маданиятты өркүндөтүү жана муфтияттын ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча 40 кадамдан турган стратегиялык иш планында иш кагаздарды санариптештирүү, диний билим берүү тармагын электрондоштуруу, ДОЖдорго бирдиктүү AVN системасын киргизүү жана үгүт-насаатчылардын иш-аракеттерин санариптештирүү боюнча пункттар бар болчу. Учурда бул жаатта тиешелүү аракеттер көрүлүп жатат.