Ажы башчыларга алгачкы жыйын өткөрүлүп, сертификаттар тапшырылды

Бүгүн, 3-декабрь күнү борбор калаадагы башкы «Имам Сарахсий» мечитинде Ысык-Көл, Нарын, Талас, Чүй облустары жана Бишкек шаарындагы ажы башчыларга алгачкы жыйын өткөрүлдү. Жыйынга Кыгызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров өзү катышып, жалпы ажы башчыларга ийгилик каалады.

«Ажылык ибадаты шариятыбыздагы негизги ибадаттардын бири экени баарыбызга маалым. Момун-мусулман Алланын чакырыгына моюн сунуп, өмүрдө бир жолу ажыга барсам, пайгамбарым Мухаммаддын (с.а.в.) изи калган жерлерди зыярат кылсам деп кыялданып, аруу ниет, ак тилек менен аттанат. Андыктан мындай инсандарга жакшы кызмат кылып, ажылык амалдарынын шарият талабындагыдай болушун камсыздашыңыздар керек. Ажыларыбыз Ыйык Меккеге барып келген соң руханий жактан тазаланып, башкаларга үлгү болушу үчүн ажылык ибадатынын талаптарын, маани-маңызын, философиясын жакшы түшүндүрүп, кайра-кайра сабак өтүңүздөр», – деди Азирети Муфтий ажы башчыларга сертификат тапшыруу саамалыгында.

Иш-чарада КМДБнын аппарат жетекчиси Азамат ажы Исмаилов тартип жана уюштуруу штабына баш ийүү боюнча учкай токтолсо, 2025-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын төрагасы, Азирети Муфтийдин орун басары Жолдошбек ажы Абдылдаев ажылыкты уюштуруу талаптары, САПтын зыяратчыларга тиешелүү эреже-мыйзамдары жана ажылардын документтери боюнча кенен токтолуп, ажы башчылардын суроолоруна жооп берди.

Саамалыктын экинчи бөлүгүндө ажы башчыларга КМДБ тарабынан тастыкталган сертификаттар тапшырылды.

Айта кетсек, 2025-жылдагы ажылык сапарында кыргызстандык зыяратчыларды коштоп баруу үчүн 139 ажы башчы тандалып алынган.