Сауд Араб Падышалыгынын Мекке шаарындагы Ажылык, умра жана зыяратчыларды кызматтык тейлөө боюнча «Хафава» кайрымдуулук ассоциациясы учурда Меккеде умра зыяратын өтөп жүргөн 60 дин кызматкери сыйлады.
Ассоциациянын башкармалык кеңешинин төрагасы, шейх Рашид Аль-Харбий мырза кыргызстандык зыяратчыларды жылуу кабыл алып, мекеменин атынан сый тамак уюштуруп, белектерин тартуулады.
«Азыр Меккеде соңку күндөрүбүз өтүп жаткандыктан, ичибиз ачышып турат. Бир жагынан Мекенге болгон сагыныч да бар. Ар убак эли-журтубуз, мекенибиз үчүн дуба кылып жатабыз. Алыстан келген ала тоолук кыргыздарды сыйлаган шейх Рашид мырзага Кыргызстан мусулмандарынын атынан ыраазычылык билдиребиз. Ушул жакшы күндөргө Азирети Муфтийибиз себепчи болбодубу. Учурдан пайдаланып тарыхта биринчи жолу 60 дин кызматкерин умрага бекер жөнөткөн Азирети Муфтийибизге ыраазычылык билдиребиз», – деп билдирди Каныбек Убайдулла уулу.
Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын 23-ноябрында Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун демилгеси менен 60 дин кызматкери умра сапарына жөнөп кеткен.