Азирети Муфтий Кыргызстан Аксакалдар Кеңешинин төрагасын кабыл алды

Бүгүн, 3-декабрь күнү Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров Кыргызстан Аксакалдар кеңешинин төрагасы Өмүрбек ажы Үмөталиев жана дин ишмери, жазуучу Жунус ажы Абдинаби уулун кабыл алды.

«Карысы бардын ырысы бар» деп ата-бабаларыбыз бекеринен айтпаган чыгар. Сиздердин дубаңыздарга ар убак муктажбыз. Дайыма биз үчүн, муфтият үчүн, өлкөбүз үчүн, Мекен үчүн, үммөт үчүн дуба кылып туруңуздар. Ошондой эле сиздерде зор тажрыйба бар. Жаштарга туура багыт көрсөтүп, жаңылышын оңдоп, акыл-насаат айтып, кеп-кеңеш беришиңиздер керек. Ак сакалдарды урматтоо, алардан акыл-насаат угуу, бата алуу – улуу динибизде да, кылымдарды карыткан наркыбызда бар баалуулук», – деди Азирети Муфтий кабыл алууда.

Дин ишмери, АК мүчөсү Дүйшөн ажы Отонбай уулу ак сакалдарга ызат көрсөтүп, жылуу кабыл алганы үчүн КМДБ жетекчисине ыраазычылык билдирип, Азирети Муфтийдин ар бир жакшы ишти ак сакалдардан бата алуу менен баштаганын белгилеп өттү.

Ак сакалдар кабыл алуудан соң КМДБ менен таанышып, муфтияттын студиясында конокто болушту.