Бишкек шаарында диний окуу жайлардын мугилимдерине семинар өткөрүлдү

Бишкек шаарындагы «Биринчи кадам» медресесинде диний окуу жайлардын мугалимдерине эктремиздин алдын алуу боюнча семинар уюштурулду.

Семинарга Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын бөлүм башчысы, милициянын подполковниги Руслан Разаков, ушул бөлүмдүн өзгөчө маанилүү иштер боюнча ага ыкчам опер кызматкери, милициянын майору Мирлан Качкынбаев жана Бишкек шаардык мусулмандарынын казысынын орун басары Талантбек ажы Темирбаев баштаган казыят кызматкерлери жана шаардагы жалпы 20 диний окуу жайлардын мүдүрлөрү, мугалимдери катышты.

Семинар башында Талантбек ажы Темирбаев “Ислам – тынчтыктын жана ынтымактын дини” экендиги тууралуу терең түшүндүрмөлөрдү берип, өзгөчө диний окуу жайларда ушул маселе боюнча байма-бай түшүндүрүү иштерин уюштурууну талап кылып өттү.

Андан соң сөз Руслан Разаковго берилип, ал төмөнкүлөргө токтолду: «Экстремизм жана терроризм боюча диний окуу жайлар, имамдар менен тыгыз байланышта иш алып бара жатабыз. Мындан ары да радикализм, экстремизм жана терроризм боюнча тынбай күрөшүүнү, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантабыз».