Баткенде диний окуу жайлардын кызматкерлерине жыйын өткөрүлдү

Кечээ, 3-декабрда Баткен казыятынын жыйындар залында аймактагы диний окуу жайлардын мүдүрлөрүнө багытталган жыйын өттү. Иш-чарага Баткен облусунун казысынын орун басары Муса ажы Жолдошов, казыят кызматкерлери жана облус аймагындагы диний окуу жайлардын жетекчилери катышты.

Жыйындын негизги максаты – Баткен облусундагы диний билим берүү системасын жакшыртуу, Ханафи мазхабы жана Матуриди акыйдасы боюнча окутуунун сапатын жогорулатуу жана маданий-руханий өнүгүү үчүн маанилүү кадамдарды аныктоо болду.

Жыйында негизинен Аалымдар Кеңешинин тиешелүү токтомдорунун жана Азирети Муфтийдин буйруктарынын негизинде медреселерде жана диний окуу жайларда матуридилик акыйдасын тереңдетип окутуу жана терс диний агымдарга азгырууларын алдын алуу тапшырмасы берилди.

Иш-чаранын жүрүшүндө медресе мүдүрлөрү жана окутуучулар өздөрүнүн сунуштарын билдиришип, билим берүү программаларынын сапатын арттыруу боюнча аракеттерди көрүүнү колго аларын билдиришти.

Белгилей кетсек, Баткен облусунда жалпы 19 диний окуу жайы бар.