Ош шаарында экстермизм жана терроризмдын алдын алуу боюнча тегерек стол өткөрдү

Ош шаарынын мусулмандарынын казыяты КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы, Ош ШИИБ ЭММКАК жана ДИМК ТАБ менен биргеликте «Салахидин Эшан» атындагы ислам институтунда ДОЖ мугалимдерине диний эксиремизм жана терроризмдин алдын алуу боюнча тегерек стол өткөрдү.

Иш-чарага Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов, ДИМК ТАБ башчысы Фурхатбек Адилбек уулу, Ош ШИИБ ЭММКАК өкүлү Уларбек Маканов жана шаардагы жалпы медресе мугалимдери катышты.

Тегерек столдо Ош шаарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов медресеге кабыл алууда КМДБ тарабынан көрсөтүлгөн талаптарды так аткарууга чакырды.

Ал эми укук коргоо органдын өкүлдөрү экстремизм жана терроризмдин алдын алуу жана КР президентинин 2021-2026-жылдарга карата КРнын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы боюнча маалыматтарды берди.