Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын диний билим берүү бөлүмү тарабынан ДОЖдордогу акыйда жана калам предметинин окутуучуларын окутуу жүргүзүлүүдө. Сабакты Муфтияттын Фатва бөлүмүнүн кызматкери Абу Бакр Марат уулу өтүп жатат.
«Буга чейин ДОЖдордогу акыйда сабагы боюнча эркек мугалимдер бир сыйра окуудан өткөрүлгөн. Окутуунун бул айлампасында аял мугалимдерди окутууну баштадык. Алгач Чүй өрөөнүндөгү кыз-келиндер окуу жайлардагы акыйда устазаларын окутуу жүрүп жатат. Кудай буюрса, өлкөдөгү бардык ДОЖдордогу акыйда устазалары 5 күндүк семинардан өтүшөт. Окутуучулардын квалификациялык билимин жогорулатууга багытталган саамалыгыбыз Азирети Муфтийдин тапшырмасынын негизинде уюштурулууда», – деп билдирди Муфтияттын диний билим берүү бөлүмүнүн башчысы Хамидулла ажы Садиллаев.
Айта кетсек, буга чейин Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин №1-токтомунун негизинде акыйда устаздарына Тахавия акыйдасынын Абу Хафс Сирожуддин аль-Газнавинин түшүндүрмөсүнүн негизинде окутуу өткөрүлгөн. Семинардын ушул айлампасында улуу матуриди аалымы Абу Хафс Умар бин Мухаммад ан-Насафий ас-Самаркандинин «Акаид ан-Насафийя» китебинин негизинде окутулууда.