Ош облусуна караштуу Алай жана Чоң-Алай районундагы жалпы мечит имамдарына «Фикхул-Акбар» китебинин негизинде акыйда боюнча 6 күндүк окутуу жүргүзүлүп жатат.
Окутууда имамдарга Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев жана «Үкү ата» медресесинин мүдүрү Белек ажы Турдалиев сабак өтүүдө.
«Буга чейин Ноокат, Кара-Суу, Өзгөн жана Араван райондорунун жалпы имамдарына Фикхул-Акбар китебинин негизинде акыйда сабагын уюштурганбыз. Мына эми Алай жана Чоң-Алай районунун имамдарына 6 күндүк окутууну баштадык. Буйруса 2025-жылкы иш мерчемге дагы окутууну планга киргизүүнү көздөп турабыз. Анткени окутуунун натыйжалуулугу жакшы экендиги байкалууда», – деди облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев.
Айта кетсек, аталган окутууга Алай районунан 45 имам, Чоң-Алай районунан 32 имам катышууда.