Кечээ, 3-октябрда Баткен облусунун мусулмандарынын казыяты 3-декабрь – Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын майрамдык маанай тартуулады. Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров жана Лейлек районунун баш имам хатиби Кубатбек Абдугапар уулу Баткен облусунун Раззаков шаарында жайгашкан «Кулунчак» мектепке чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга атайын билим берүү мамлекеттик уюму мекемесиндеги балдарды зыярат кылып, аларга белектерди берип, жагымдуу маанай тартуулады.
Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров мекемеде тарбияланып жаткан балдарга чын жүрөктөн каалоо сөздөрүн айтты:
«Өзгөчө балдарыбызга мээримин төгүп, аларды ар тараптуу өнүктүрүүгө, тарбиялоого болгон аракетин арнаган ата-энелерге жана “Кулунчак” мекемесинде эмгектенген мугалимдерге ыракмат айтабыз. Ушул жерде тарбияланып жаткан балдарыбызга бекем ден соолук, бак-таалай каалайбыз», – деди Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров куттук сөзүндө.
Бул иш-чара аркылуу Баткен облусунун мусулмандарынын казыяты мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга өз ара жардамдашуу жана өзгөчө колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, коомдун бул категориядагы балдарга болгон мамилесин жакшырышы керектигин белгиледи. Баткен облусунун казыяты жана хатибияттар жана имамдар мындай иш-чараларды улантып, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга колдоо көрсөтүү боюнча иш-чаралардын көлөмүн арттыкмакчы.