Кечээ, 3-декабрь күнү КМДБ жетекчилигинин тапшырмасынын негизинде Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы “Каныбек ажы” атындагы медреседе студенттерге багытталган жыйын өткөрүлдү. Иш-чарада динди жамынган туура эмес агымдардын, экстремизм жана терроризмдин алдын алуу маселелери талкууланды.
Жыйынга Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Ысык-Көл облусундагы өкүлү Асылбек Мамбетов, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын башчысы, милициянын полковниги Нурлан Килебаев, Ысык-Көл облусунун казысы Самидин кары Атабаев, облус казысынын орун басары Алмазбек ажы Сагындыков, ошондой эле Түп, Ак-Суу, Тоң, Жети-Өгүз райондорунун жана Каракол шаарынын баш имам-хатибдери катышты.
Жыйындын жүрүшүндө имамдар туура эмес диний агымдардын коомго жана адамдарга тийгизген зыяны тууралуу кеңири түшүндүрмө беришти. Ысык-Көл облусунун казысы Самидин кары Атабаев салттуу эмес агымдардын жаңылыштыгын илимий түрдө далилдеп, алардын коомду бөлүп-жаруу максатын көздөгөнүн баса белгиледи. Казы исламдын башкы принциптеринин бири – тынчтык жана ынтымак экенин айтып, радикалдык жана экстремисттик агымдардын туура эмес экенин түшүндүрдү.
Ал эми Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Ысык-Көл облусундагы өкүлү Асылбек Мамбетов жаштарды туура жолго баштоо жана ислам динин туура түшүнүү үчүн билимдин маанисин белгиледи. Ал жаштарга адеп-ахлак жана динди терең түшүнүү боюнча кеңештерин айтып, билимдин күчү аркылуу экстремизм, терроризм жана туура эмес агымдардын алдын алуу керектигин белгиледи.
Жыйындын аягында имамдар жалпыга маалымдоо каражаттары жана социалдык тармактар аркылуу туура эмес маалыматтардын тарашынын алдын алуу тууралуу сүйлөштү. Алар бүгүнкү күндө исламга каршы туура эмес түшүнүктөрдүн көп экенин айтып, медресе студенттерин туура маалымат алууга үндөп, китептерди жана башка билим булактарын текшерүү керектигин эскертти.
Жыйындын соңунда медресе талабалары туура эмес диний агымдар тууралуу терең түшүнүк алышты жана экстремизмге каршы күрөшүүдө билимдин маанилүүлүгүнө ынанышты.