«Курманжан» кыздар медресесинде “Бактылуулугум – исламда” аттуу иш-чара өткөрүлдү

Бишкектеги «Курманжан» кыздар медресесинде КМДБнын демилгеси менен уюштурулган кезектеги көчмө семинарда Араб тилинин грамматикасынан ачык сабак жана “Бактылуулугум – исламда” аттуу иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага Бишкек шаарындагы диний окуу жайлардан өкүлдөр катышты.

Ачык сабак интерактивдүү метод менен өтүлүп, сабактын алкагында студенттердин жөндөмүн арттырган көнүгүүлөр аткарылды.

«Бактылуулугум – исламда» деп аталган класстан сырткаркы иш-чарада сахналык көрүнүштөр коюлуп, көркөм окуу жана «Манастан» үзүндү айтуу менен коштолду.

Ошондой эле ислам дини келгенге чейинки жана андан кийинки учур тууралуу студенттердин көргөзмөсү тартууланып, катышуучулардын купулуна толду.