Бишкек шаарындагы «Көлмө» медресесинде аша чабуудан абай болуу жана экстремизмдин алдын алуу боюнча семинар өткөрүлдү.
Семинарга Бишкек шаарынын казысы Шакир ажы Маматов, орун басары Талантбек ажы Темирбаев, Бишкек ШИИББдин кызматкелери жана «Көлмө» медресесинин жетекчилиги катышты.
Иш-чарада Шакир ажы Маматов ислам дининде илим-билимдин мааниси тууралуу лекция окуп, студенттерге өз акыл-насаатын айтып өттү.
«Илимди терең алуу менен адашуудан сак болосуздар. Азыркы илим алып жаткан учуруңуздарда эмнени дуба кылсаңыздар, ошону Аллах Таала кабыл кылат. Андыктан ниетти туура коюп, жакшы дуба кылу керек. Кыргызда «жаштын тилегин берет» деген сөз бар. Улуш учуруңарда илимди абдан терең алгыла. Илимди терең албастан кеткендер туура эмес агымдардан таасирленип калат», – деди калаа мусулмандарынын казысы.
Ал эми укук коргоо органдарынын кызматкерлери студенттерге экстремизм боюнча видео роликтерди көрсөтүп, мыйзамдуулук боюнча түшүндүрмө беришти.