Кечээ, 4-декабрда «Расул Акрам» ислам институтунда экстремизмдин алдын алуу боюнча студенттерге семинар өткөрүлдү. Семинарга Бишкек шаарынын казысынын орун басары Талантбек ажы Темирбаев жана «Расул Акрам» медресесинин мүдүрү Садридин ажы Иметов баштаган окутуучулар катышты.
Иш-чараны Садирдин Иметов ачып, окуучууларга экстремизм боюнча түшүндүрмөлөрдү берип, бир нече мисалдарды келтирип өттү.
Кийинки сөз Талантбек ажы Темирбаевге берилип, ал студенттерге экстрмизм-терроризмдин аныктамаларын жана ага түшүндүрмө катары мисалдарды айтып, жаштарды илимге бекем турууга жана сырттагы чөйрөгө үлгү болууга үндөдү.