«Каршы койбо салтың менен диниңди, айкалаштыр ыйман менен илимди»: «Бишкек кыз Куран курсу» медресесинде көчмө семинар уюштурулду

Борбор калаадагы «Бишкек кыз Куран курсу» медресеси тарабынан көчмө семинар жана класстан тышкаркы иш чара өткөрүлдү.

Бул иш-чарага Бишкек шаарында жайгашкан диний окуу жайлардын өкүлдөрү катышты. Ачык сабак акыйда предметинен болуп, коноктордун купулуна толду.

Ал эми класстан тышкаркы иш-ара «Каршы койбо салтың менен диниңди, айкалаштыр ыйман менен илимди» аттуу темада уюштурулуп, өтүлгөн иш-чарага келген өкүлдөр тарабынан “эн жакшы» деген баага татыды. Бул ачык сабакта «Flippity» программасы жана “Суроо сенде – Жооп менде” деген оюндар колдонулуп, катышуучулар тарабынан жылуу кабыл алынды.

Класстан тышкаркы иш-чара улуттук сезимдерди козгогон, мекенди, улутту, эне тилди, салтты, тарыхты сүйүүгө, аларды көздүн карегиндей сактап жашоого багытталып, ошону менен бирге дин менен салтты, тарыхты айкалыштырып жашоого багыт берилди. Ар бир мусулман адам үчүн өз мекенин, улутун, тарыхын сүйүү, аларды беш колундай билүү канчалык маанилүү экени толук түрдө көрсөтүлдү.

Айта кетсек, мындай иш-чаралар КМДБ жетекчисинин тапшырмасына ылайык өлкө боюнча ар бир ДОЖдо өтүп жатат. Уланып жаткан көчмө семинарлар медреселердин педагогикалык деңгээлин жогорулатууга салымын кошуп, ар биринде жаңы маалыматтар берилип, окутуучулар үчүн пайдалуу болуп жатканын катышуучулар баса белгилеп айтышты.