Нематулла ажы Жээнбеков “Бапан уулу Абдулла” атындагы Куран жаттоо борборун зыярат кылды

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков Сузак районундагы “Бапан уулу Абдулла” атындагы Куран жаттоо борборун зыярат кылып, карылар менен амандашып, өзүнүн акыл-насааттары менен бөлүштү.

“Урматтуу талабалар, силер шарапаттуу жана сөздөрдүн эң жакшысы, берекелүү, адамдардын жүрөгүнө нур таратуучу, караңгылык туңгуюктан жарык нурга алып чыгуучу, жараткан Аллах Тааланын сөзү болгон Куани Каримди жаттап жатасыздар. Албетте Куран жаттоодо бир топ кыйынчылыктар болбой койбойт. Ошол нерселерге сабыркылып, кыйынчылыктарды жеңип, Куранды толугу менен жаттасаңар Аллах Таала бул дүйнөдө да даражаңарды бийик кылып, акыретте ата-энеңерге таажы кийгизүүгө себебкер кылат. Анткени  Пайгамбарыбыз ﷺ «Ким Куран окуса, үйрөнсө жана аны менен амал кылса, кыяматта ата-энесине нурдан болгон таажы кийдирет. Анын нуру күндүн нурундай жаркын! Жана ата-энесине дүйнө байлыктарынын бардыгынан кымбат эки кийим кийгизилет. Алар (таң калып) «булар эмне үчүн?» деп сурашканда, «балаңар Куранды толук жаттаганы үчүн» деп айтылат», – деди.

Жолугушуу соңунда окуу борбордун карыларына көчүп жүрүүчү “Barbershop” чач тегиздетүүчү кызматы кызмат көрсөттү.