Балыкчы: «Исагалы Сабира» медресесинде экстремизм жана туура эмес агымдар боюнча семинар өтүлдү

Балыкчы шаарындагы «Исагалы Сабира» медресесинде студенттер үчүн атайын семинар уюштурулду. Иш-чарага Ысык-Көл облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Ысык-Көл районунун баш имам-хатиби Максат ажы Сейталиев, Балыкчы шаарынын баш имам-хатиби Чойбек ажы Исакунов жана Балыкчы шаарындагы имамдар катышты. Семинардын негизги максаты – экстремизм, терроризм жана туура эмес диний агымдардын коркунучтары тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана медресе студенттерине бул жаатта терең маалымат берүү болду.

Самидин кары Атабаев жана башка дин кызматкерлери экстремисттик жана радикалдык идеологиялардын коомго жана жаштарга тийгизген терс таасири тууралуу кеңири маалымат беришип, мындай агымдарга каршы күрөшүүдө билимдин, акыл калчоонун жана түшүнүктүн маанилүүлүгүн белгилешти. Алар медресе студенттерин ислам дининин чыныгы баалуулуктарын туура түшүнүүгө жана коомдо радикализмдин алдын алуу үчүн сабаттуу болууга чакырышты.

Семинардын жүрүшүндө катышуучулар социалдык тармактар жана башка маалымат каражаттары аркылуу туура эмес маалыматтардын жайылышынын коркунучтары тууралуу да маалымат алышты. Уюштуруучулар бул сыяктуу иш-чаралар жаштардын диний сабаттуулугун жогорулатып, туура багыт берүүгө чоң өбөлгө түзөрүн белгилешти.

Иш-чара соңунда студенттер өз суроолорун берип, талкууга активдүү катышты. Дин кызматкерлерине жана уюштуруучуларга ыраазычылыктар айтылып, саамалыктыцн маанилүүлүгү баса белгиленди. Бул сыяктуу иш-чаралар жаштарга туура багыт берүү менен бирге, алардын билим деңгээлин жогорулатуу багытындагы маанилүү кадамдардан болуп саналарын казыяттан билдиришти.